Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Италиядагы мелдештен алтын утту
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Италиядагы мелдештен алтын утту

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Италиядагы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште алтын медалды жеңип алды. Балбан кыз мелдештин финалында россиялык спортчу Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болууга жетишти. Италиянын Рим шаарында өткөн мелдеште Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта жарым чейрек финалдан тарта катыша баштаган. Алгачкы атаандашы кытайлык Жиа Лонгду 6:6 эсебинде жеңген. Чейрек финалда амеркалык Мэйси Элленди 10:0 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда америкалык Кайла Коллинди далысын жерге тийгизип жеңишти камсыздаган.