Жаңылыктар
Төрт миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүүдө
Туризм
Төрт миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүүдө

Быйыл жергебизге төрт миллиондон ашык турист келет. Бул багытта маданият маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаменти иш мерчемде белгиленген аракеттерди көрүүдө. Сырттан келген туристтер республиканын ажайып кооз жайларыбызда, салкын төрлүү жайлоолорубузда, мөлтүр тунук булак мекендеген тоолорубуздун боорлорунда эс алуусуна толук шарттар түзүлгөнүн туризм департаментинен маалымдашты. 

Биздин  Кыргызстандын табигат тартуулаган керемет жайлары арбын. Алардын бири Таластагы  Беш-Таш эс алуу жайы. Аталган жайдын директору Нурдин Миңжылкыевдин айтымында  азыркы кезде бул жайга келген чет элдик туристтердин катары өсүүдө.

Туризм мамлекеттин казынасын байыта турган тармак. Ошондуктан Кыргызстан туризмдин  өлкөсү катары жер жүзүнө таанылып келет. Демек, бул тармакты мындан да  өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлдеги жаңы багыттар  кабыл алынууга тийиш дешет адистер . 

К.Калилов, "Биринчи радио"