Жаңылыктар
Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда
Ден соолук
Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. "Ал өз алдынча тамак ичүүдө. Толук кандуу калыбына келиши үчүн дарылануу болжол менен 2020-жылдын март айынын аягына чейин улантылат", - деп билдиришти министрликтен. Курманкуловдун дарылануусу үчүн өкмөттүн резервдик фондунан 1 млн 462 миң 691 сом жана өкмөттүн буйругу менен Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу 4 млн 798 миң 520 сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Ташта болгон окуяда башынан жаракат алган.