Жаңылыктар
Өкмөт мыкты сериалдарды тартууга сынак жарыялады
Маданият
Өкмөт мыкты сериалдарды тартууга сынак жарыялады

Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү. Бул тармакты өнүктүрүүбүз зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушууда айтты.

«Мен көптөгөн атамекендик тасмаларды көрүп жүрөм. Алардын арасында сапаттууларынын бар экендиги кубандырат. Анын ичинде «Дарак ыры» мюзиклине эл тарабынан татыктуу баа берилди. Актерлордун оюну, ырларды тандоо, жасалгасы мыкты. Эң башкысы – мюзиклде адеп-ахлактык жана тарбиялык багыт бар», - деди өкмөт башчы. 

Абылгазиев келечек муунду руханий өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик буйрутманын алкагында атамекендик сериалдарды тартуу үчүн финансы каражаттарын бөлүү чечими кабыл алынганын айтты. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү. 

«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек», – деди өкмөт башчы. «Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристти Айбек Дайырбеков Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланып, фильмдин продюсери Толкун Дайырбековага алкыш жарыяланды.