Жаңылыктар
"Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат
Чек ара
"Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргыз - Кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай аракеттер Кытайдын жаңы жыл майрамына байланыштуу болот. 24-январда жабылган өткөрүү бекеттери 30-январга чейин иштебейт. Адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 2020-жылдын 31-январынан баштап жанданат.