Жаңылыктар
ИИМ зомбулукка байланыштуу жазаны өзгөртүүнү сунуштоодо
Кырсык
ИИМ зомбулукка байланыштуу жазаны өзгөртүүнү сунуштоодо

Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жазаны өзгөртүүнү сунуш кылууда. Соңку мыйзамдарда 30 миңден 60 миң сомго чейинки айып пул каралган. Бирок зомбулукка кабылган аялдар үй-бүлөнүн бюджетине оорчулук келбеши үчүн күйөөлөрүнө каршы арыз жазуудан баш тартып жатышат. Мындан улам министрлик айып пул салууну абакка бир нече суткага камоо жазасы менен алмаштырууну сунуштоодо. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу алты миңден ашуун учур катталган.

“Мурда 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алынчу. Жаңы кодекстер кабыл алынгандан бери абал өзгөрдү. Негизи кайрылуулар көп. Милицияга келип даттанышат. Бирок кайра арыз жазуудан баш тарткан учурлар өтө көп. Себеби айып пул үй-бүлөнүн өзүнө сокку болуп жатат”,- деди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.