Жаңылыктар
Улуттук банк Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизди
Экономика
Улуттук банк Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизди

 Өлкөнүн Улуттук банкы санариптештирүү жылынын алкагында Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизди. Жаңы тутум төлөмдөр жана соода, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

Жарандарга болсо мамлекеттик кызматтарды электрондук ыкмада жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Борбордун ишмердиги менен Президент Сооронбай Жээнбеков таанышты.