Жаңылыктар
Адилеттиктен тайган судья
Коррупция
Адилеттиктен тайган судья

 Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова  мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Тиешелуу Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болгон. 

Анда, судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин карап, жагдайларды толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизанын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон. Жыйынтыгында жогорку сот инстанциясы, чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.