Жаңылыктар
Жаңы суугат жерлер ишке берилет
Айыл чарба
Жаңы суугат жерлер ишке берилет

 Жаңы 825 гектар сугат жерлери Нарын, Баткен жана Ош облустарында пайдаланууга берилет. Жумуштар инвестициялык долбоорлордун жардамы менен ишке ашат. Быйыл республикалык бюджеттен үч суу объектисин куруу пландаштырылган.

Акыркы эки жылда Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин жана кытай грантынын эсебинен үч ири суу объектиси курулган. Нарын жана Баткен облустарынын тургундары бир миңден ашык гектар жерди сугаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Жаңы сугат жерлерин ишке киргизүү үчүн акыркы жылдары мамлекет миллиарддаган каражаттарды бөлүүдө. Суу чарба долбоорлору 2026-жылга чейин каралган. Быйыл ирригациялык каналдарды жана бир нече насостук станцияларды, анын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактарды камтуу мерчемделген.
 Талас облусунда адистер бул жылы Сарымсак ирригациялык каналын пайдаланууга берүүнү кароодо. Натыйжада, суугат суусу кыйынчылык менен жеткен аймактарга барат.
 Жаңы сугат жерлерин киргизүү боюнча агрардык саясат өлкө аймактарында бир катар маселелерди чечет.