Жаңылыктар
Жемкорду ачыктаганга 100 миң сом сыйлык берилиши мүмкүн
Коррупция
Жемкорду ачыктаганга 100 миң сом сыйлык берилиши мүмкүн

Кыргызстанда коррупция тууралуу маалымат бергендерге ошол сумманын 30 пайызын берүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарына коррупциялык кылмыш тууралуу маалымат берген адамдарды сыйлоо чаралары каралган. Бирок акчалай сыйлык 100 миң сомдон ашпайт.

Коррупция жөнүндө кабарлаган жарандар 100 миң сомго чейин сыйлык алышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралды. Ага ылайык, эгер коррупция тууралуу маалымат казнага чыгым келтирүүнү алдын алса, анда кабардар кылган жаран токтотуп калган чыгымдын 30 пайыз үлүшүн алат. Бирок акчалай сыйлык 100 миң сомдон ашпайт. Мындан тышкары, депутаттар маалымдоочуларды мамлекеттик коргоого алып, акысыз юридикалык жардам менен камсыздоону убада кылууда. Демилгечи депутат Аида Салянова мыйзам долбоору- коррупция менен жалпылап күрөш жүргүзүүну көздөрүн билдирди.

Көп учурда коррупциялык көрүнуштөр ар кандай себептерден улам айтылбайт.Мыйзам долбоорунун авторлор бул жерде көбүнчө сөз мамлекеттик жана коммуналдык кызматкерлер тууралуу болуп жатканын айтышууда. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров бул мыйзам долбоору тууралуу «Биринчи радиого» берген маегинде буларды белгилеген.

Ал арада буга  чейин деле мындай маалыматты берген адамдар болгонун белгилегендер алар, көп учурда алкышка арзыгандын ордуна ар кандай басымдарга туш болгонун айтышууда. Андыктан уурулук тууралуу маалымат бергендер укук коргоо органдары тарабынан дыкат коргоого алынышы керек-дешет талдоочулар. Юридика илимдеринин доктору  Кайрат Осмоналиев сунушталып жаткан мыйзамды колдой турганын айтат.

Белгилей кетсек, Мыйзам жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу билдирген жактарды куугунтуктоодон коргоо максатын көздөйт. Бул жактарды коргоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт, ошондой эле калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө ишенимин бекемдөөгө багытталат.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”