Кыргызстанда санариптештирүүнүн кириши менен экономикада тамыры терең кеткен көмүскө иш-аракеттердин жолуна бөгөт болот. Салык төлөмдөрүн жашырып, көмүскө иштегендер менен күрөшүү максатында өкмөт фискалдаштыруу тармагын реформалоону ишке ашырууда. Былтыр өкмөт санариптик экономиканын пайдубалын түптөөгө көп аракет жумшаса, быйыл көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга жана ачык иштеген бизнеске жеңилдиктер сезиле тургандай чоң жумуштарды ишке ашырууга бел байлады. Мындан улам бажы жана салык жол-жоболорун толугу менен электрондук гана тартипте ишке ашыргыдай шартты түзүү үчүн конкреттүү иш мерчемдер бекитилди. Алар кандай багытта жүзөгө ашаары түзүлгөн координациялык кеңеште талкууланып турат.
Фискалдаштыруу тапкан кирешеси чоң, бирок төлөй келгенде салыкты аз төккөн ири соода борборлор, белдүү компанияларга да тиешелүү. Дал ушул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында 1-апрелден баштап кошумча нарк салыгын төлөгөн ишкерлер бири-бири менен мурдагыдай кагаз эмес электрондук негизде эсеп-кысаптарды жүргүзө баштайт. Бүгүнкү күндө электрондук эсеп фактураларды 500дөн ашык компания колдонууда. Ишканалар ортосундагы электрондук соода-сатыкты салык кызматы он-лайн көзөмөлгө алып турат.
Казынага түшчү салык жана бажы төлөмдөрүн электрондук эсепке алуу өкмөт үчүн маанилүү. Анын жардамы аркылуу көмүскө экономиканын үлүшү төмөндөп, казынага түшүүчү төлөмдөр көбөйөт жана өлкөдө ишкерлик чөйрөдө атаандаштык күч алат.