Жаңылыктар
Аймактык долбоорлорду каржылоо көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактык долбоорлорду каржылоо көбөйтүлөт

Ишкер Кадыр алы Артыков жылына 120 тоннадан ашык бал азыгын даярдап, аны коңшу жана алыскы мамлекеттерге экспорттойт. Өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, продукциянын сапатын арттыруу максатында былтыр атайын жабдык сатып алган. Каржылоого кыргыз орус өнүктүрүү фонду жана эл аралык донорлор колдоо көрсөткөн. 

Бул кыргыз орус өнүктүрүү фонду каржылаган бир гана ишкананын көрсөткүчү. 2019-жылы өлкөдө ондогон ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, алардын көп бөлүгү Кыргыз орус өнүктүрүү фонду, кепилдик фонду, Айыл банк жана РСК банктын каржылоосу астында ишке кирген. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын экспорту 2019-жылы дээрлик 29 пайызга жогорулады. Өкмөт муну дыйканчылык менен мал чарбасын, кайра иштетүү ишканаларын каржылоонун натыйжасы катары карап жатат. Бал гана эмес, өлкөдөн сырткары сатылган бардык айыл чарба азыктарынын көлөмү көбөйдү. 

Күтүлгөндөй эле Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду өткөн жылы насыянын эң көп бөлүгүн айыл чарба тармагына жумшаган. Мындан сырткары туризм, кайра иштетүү, экспортко багытталган ишканаларды колдоого артыкчылык берилди. Фонд тарабынан жалпы каржылоонун көлөмү 400 млн долларга жакындады, анын дээрлик 90 пайызы аймактардагы долбоорлорго берилген. Андыктан аймактардагы долбоорлорду колдоого былтыркы жылы артыкчылык берилгени байкалып турат. Президент Сооронбай Жээнбеков 14-январда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, кепилдик фонду, Айыл банк жана РСК банктын төрагаларын кабыл алып, каржы институттарынын өткөн жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары чыгарылып, жаңы жылга карата иш-чаралардын планы талкууланды. 

Президенттин тапшырмасы менен былтыр Кепилдик фонду да берилген кепилдиктердин 90 пайызын аймактарга бурган. Айыл жерлеринде мал чарбачылыгын, эт, сүт азыктарын, тери, жүндү кайра иштетип, экспортко чыгаруу актуалдуу маселе болуп калууда. 2020-жылы класстердик программаларды каржылоону жогорулатуу да колго алынып, анын негизинде айыл чарба азыктарын өндүргөндөн баштап, дүкөндүн текчесине жеткенге чейинки процесстер көзөмөлгө алынат.

Бул багыттарды колдоо аймактарда жаңы жумушчу орундарынын түзүүгө, ички миграцияны төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Бир кездерде тонолуп кеткен дыйкан чарбаларды, чакан ишканаларды базар шартында калыбына келтирүү, кайра түзүү аркылуу аймактарда жумуш орундарын пайда кылуу максаты коюлган. Жаңы түзүлгөн жумуш орундарынын эсебинен сыртка багытталган миграция агымында туруктуулукту сактоого мүмкүн болду. 

2020-жылы дагы каржы институттарынын ишмердиги аймактарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталышы керектигин өлкө башчысы өзгөчө белгиледи. Облустарда насыялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, алыскы жана чек арага жакын долбоорлорду каржылоону күчөтүү зарылдыгына көңүл буруп, банк кызматтарын санариптештирүү боюнча иштерди улантууга чакырды. Андыктан аймактарды өнүктүрүү 2-3 жылга белгиленген мамлекеттик саясат эмес. 2018-жылдан тарта мамлекет айрыкча айыл жерлеринде калктын жашоо шартын жакшыртуу, экономикалык көрсөткүчтөрду жакшыртып, кошумча жумушчу орундарын түзүү багытында жигердүү иштерди алып барууда. Комплекстүү иш чаралардын планы 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында да белгиленген.