Жаңылыктар
2020-жыл Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы ал эми Россияда Кыргызстандын жылы
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жыл Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы ал эми Россияда Кыргызстандын жылы

Эки мамлекеттин ортосунда ар тараптуу карым-катнаш такай жигердүү болуп келген. Эки мамлекеттин президенттеринин демилгеси менен бул кызматташтык дагы жогорку деңгээлге чыгат. Мамлекеттердин эриш-аркак кызматташуу жылында буга өзгөчө көңүл бурулат. Бул маанилүү жылдын алкагында өтө турган иш- чараларга даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Иш мерчемдердин планы макулдашылган. Кийинки айдын ортосунда Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак кызматташуу жылы Москвада расмий ачылат.

Өлкөнүн атактуу режиссёрлору, дирежер, чыгармачыл топтордун жетекчилери, костюмдар боюнча сүрөтчүлөрдөн турган көркөм кеңеш Москвада өтүүчү концертке камылгаларды кызуу көрүп жаткан маал. Бир айдай убакыт калды. Топтун жарымы таң эрте Москвадан келгенине карабай, Орусия тарап менен акыркы макулдашууларды талкуулап жаткан учуру. 

Соңку чечимге ылайык, Кыргызстан менен Орусия биргелешкен концерт тартуулайт. Демек даярдык эң жогорку деңгээлде болууга тийиш. Сунуштар, пикирлер, демилгелер менен ой бөлүшүп жаткан көркөм кеңеш ар бир концерттик номерди ийне- жибине чейин талкуулап жатат. Мындан улам көркөм кеңеш өлкөнүн эң кыйын деген чыгармачыл топторун тандады.

Тарыхый байланыштары бекем болгон Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин ортосундагы алаканы, достук, ынтымакты ширеткен иш- чарада концерттик номерлер чогуу аткарылат. Кыргызстан Манас эпосу менен көчмөн элдин көөнө маданиятын, ыр-бий, классикалык чыгармаларды айкалыштырып кызыктуу программа тартуулаганы турат.

Бир жагынан аспаптар жаңыртылып жатса, экинчи жагынан костюмдар боюнча сүрөтчү Мадина Тапаева артисттердин жаңы концерттик кийимдеринин үлгүлөрүн толук даярдап бүттү. Көркөм кеңеш макулдугун берсе Ак-Марал, бийчилер жана башка топтордун кийимдери, Манас эпосунун кырк чоросу, Каныкей апабыз, Бакай атабыздын образдарын чагылдырган костюмдар жакында тигиле баштайт. Башкы каармандардын кийимдерин Мадина Тапаева өзү тиксе, калган костюмдарды даярдоого бир катар ательелер жардамга келет.

Эки мамлекеттин кызматташтык жылына карата уюштурулуп жаткан маданий иш-чаранын расмий ачылышы Москванын дүйнөлүк атагы бар Чоң театрына белгиленди. Бул салтанаттуу иш- чарага эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин күбө болот. Бул жылдын алкагында 100дөн ашык иш-чара белгиленген болсо анын 70и маданий жана гуманитардык маанидеги иштер. Албетте Кыргызстан менен Россияны көп жылдан берки тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштар да бириктирип турат. Мамлекеттер бул алканы дагы да чыңдоо максатында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө жарманкелерин өткөрүүнү, театрлардын гастролдору уюштурулат.

Эриш-аркак мамилелер жылы маданий иш чаралар менен бирге Кыргызстан менен Россиянын ар тараптуу байланыштарын да камтыйт. Бул аскердик техникалык, саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, спорт жана башка тармактар. Мындай иш-чаралар - тармактык байланыштарды ого бетер арттырат. Себеби эки өлкөнүн мекемелери, облустары, башка тармактарынын өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштар эбак түзүлгөн. Бул кызматташтык экономикалык жактан натыйжа берип, алаканын башка да мүмкүнчүлүктөрү ачылаарын Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Кыргызстанга келгенде белгилеген.

Михаил Швыдкойду Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, анда Мамлекет башчы Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы ал эми Россияда Кыргызстандын жылы өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарарын айткан. Михаил Швыдкой да Россия эриш-арак кызматташуу жылдын алкагындагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө максат койгонун ырастаган. Ушул жыл биздин кызматташтыктын бардык тармактарын камтыганы маанилүү” - деди ал. Эки мамлекеттин кызматташуу жылындагы дагы бир маанилүү иш- чаралардын бири Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө. Бул мааракеге байланыштуу Россияда өтө турган парадга Президент Сооронбай Жээнбековдун жана согушка катышкан ардагерлер алардын уул, кыздары катышмай болууда.

Ошону менен бирге аймактар аралык, экономикалык, инновациялык, туристтик, маданият жана искусство, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан бир катар форумдарды өткөрүү да мерчемделип жатат. Эске сала кетсек 28-мартта Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн Президенттери 2020-жылды Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы ал эми Россияда Кыргызстандын жылы деп белгилөөнү макулдашкан. Эриш-аркак мамилелер жылында эки мамлекеттин байланыштары жаңы деңгээлге чыгып, достугу дагы чыңдалат.