Жаңылыктар
Кытайда калктын саны канчага жеткени белгилүү болду
Дүйнө
Кытайда калктын саны канчага жеткени белгилүү болду

Кытай калкынын саны 1 миллиард 400 миллиондон ашты.

Дүйнөдөгү эң кичинекей бойлуу адам каза болду.

Өрт жалмап жаткан Австралияда дагы жамгыр жаады.


2019-жылы Кытай калкынын саны 1 миллиард 400 миллиондон ашты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматта жазылгандай, 2019-жылы Кытайдын калкы административдик Гонконг, Макао жана Тайвань райондорун кошпогондо 4 миллион 67 миңге өскөн. Кытай Эл Республикасынын статистикалык маалыматына караганда, 2018-жылга салыштырмалуу калктын санынын өсүү темпи азайганы байкалган. Анда тагыраагы, 2018-жылы калктын саны 5 миллион 300 миң адамга көбөйгөн.Өлкөдө 2019-жылы 14 миллион 65 миң жаңы төрөлгөн ымыркайлар катталып, 9 миллион 98 миң адам каза болгон. Калктын 715 миллион 27 миңи эркектер жана 684 миллион 78 миңин аялдар түзөт. Жалпы жашоочулардын саны 1 миллиард 400 миллион 50 миң адамды түзгөн.


Өткөн аптанын соңку күндөрүндө өрт жалмап жаткан Австралияда дагы жамгыр жаады. Жергиликтүү тургундар жаан-чачындуу аба ырайына кубанып, видеого тартып, социалдык тармактарга таратууда. Алардын арасында Түштүк Уэльстеги дыйкандын видеосу популярдуу болуп жатат. Кубанычтан баш кийимин чечип жиберген дыйкан Дзен Ландерс жамгырдын жааганынан улам вейкборд спорттун экстремалдуу түрү менен алектенгенин дагы кошумчалаган.Австралиялыктар көптөн бери күткөн күн келгенин, бул жамгыр өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышууда. Жаан-чачындуу аба ырайы Австралиянын айрым аймактарында суу ташкынын пайда кылганын батыш маалымат булактары жазды. Дем алыш күндөрү өлкөнүн чыгыш жээгинде жамгырлуу аба ырайы күтүлөрү айтылган. Эске салсак, Австралиядагы өрт былтыркы жылдын октябрь айында чыккан. Өрттү өчүрүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен 5 миллиондон ашуун гектар аймак, 1 миллиарддан ашуун жан жаныбарлар күйүп кеткен. Мындан улам аталган өлкөнүн өкмөтү өлкөдөгү узакка созулган өрттүн кесепетинен жабыр тарткан жаратылышты калыбына келтирүү үчүн 34 миллион 500 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлгөнүн маалымдаган.


Боюнун узундугу 67 сантиметр 8 миллиметрди түзгөн Хагендра Тапа Магар каза болду. Батыш маалымат булактары маркумдун жакындарына таянып жазган маалыматка ылайык, дүйнөдөгү бою кичинекей адам 27 жашта болгон.Хагендра Тапа Магардын досторунун айтымында ал акыркы учурда жүрөк, астма жана өпкөгө суук тийүү оорулары менен жабыркап жүргөн. Хагендра 16-январда Покхара шаарындагы ооруканалардын биринде пневмония илдетинен улам каза болду.Хагендра 18 жашка чыкканда "Гиннестин рекорддор китеби" тарабынан расмий түрдө бою кичинекей адам деп табылган. Бирок 2015-жылга чейин рекорд жараткан адам деп бою 54 сантиметр 6 миллиметрди түзгөн Чандра Бахадур Данги айтылып келген. Ал каза болгондон кийин рекордду Хагендра Тапа Магар жаңырткан.Бою кичинекей же эргежээл делинген Хагендра европалык жана америкалык телешоулорго катышкан. Эми дүйнөдөгү бою кичинекей адам макамы колумбиялык ди-джей Эдвард Эрнандеске буюрду. Анын боюнун узундугу 70 сантиметр.


Россиянын Москва шаарындагы мектептердин биринде окуучу бала мугалимине үзүлүп калган кулакчыны үчүн кол көтөргөн. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазууда.Маалыматта жазылгандай, окуя Москвадагы мектептердин биринде болгон. Анда физика сабагы учурунда окуучу кулакчын менен музыка угуп отурган. Мугалим ага кулакчынды алып, сабакка көңүл буруусун айткан. Бирок окуучу мугалимдин эскертүүсүн кулак сыртында калтырган. Окуучусунун мындай жоругуна ачууланган мугалим анын кулагынан кулакчынды жулуп алганда, ал үзүлүп кеткен. Кулакчынынан ажыраган окуучу өзүн кармана албай, мугалиминин бетине уруп, интерактивдүү тактанын пультун сындырган.Мектептин кызматкерлери жабыркаган мугалимге "Тез жардам" чакыртышкан, учурда 61 жаштагы мугалим ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыккан. Ал эми агрессивдүү 8-класстын окуучусу буга чейин эле жүрүш-турушу начар болгондуктан, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоодо тургандыгы маалым болгон.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"