Жаңылыктар
Ленинград фашисттик блокададан бошотулганына 77 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Ленинград фашисттик блокададан бошотулганына 77 жыл толду

18-январда Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толугу менен бошотулганына 77 жыл толду Бул тарыхый датага карата Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы сейил багында эскерүү реквиуму болуп өттү. 

Иш чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук администарция башчысы Максим Ситников, республикалык согуштун жана ооруктун ардагерлер кенешинин төрагасынын орун басары Мелис Ногойбаев, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ленинград шаарын курчоосуна кабылган ардагерлер, коомдук ишмерлер, мекеме-уюмдун өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"