Жаңылыктар
Өлкөдө фермердик чарбалар өнүгүүгө жаңыча багыт алат
Айыл чарба
Өлкөдө фермердик чарбалар өнүгүүгө жаңыча багыт алат

Мындан ары үй - бүлөлүк фермердик чарбалар өнүгүүгө жаңыча багыт алат. Анткени, аларды колдоо көрсөтө турган улуттук комитет түзүлдү. Анын курамы төрт жарандык коомдук уюмдан турат.  Алар: "Улуттук суу пайдалануучулар бирлиги", "Жер -токой пайдалануучулардын ассоциациясы", «Кыргызжайыты» улуттук альянсы жана "Айылды өнүктүрүү Фонду". 

Улуттук комитет үй-бүлөлүк фермердик чарбалардын жана айыл коомдоштуктардын потенциалын кеңейтүүнү, аларды өнүктүрүү үчүн, ошондой эле аларга маалымат берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"