Жаңылыктар
Кытай: жаңы вирус дагы 17 адамдан табылды
Дүйнө
Кытай: жаңы вирус дагы 17 адамдан табылды

Кытай бийлиги өлкө аймагында белгисиз вирус менен дагы 17 бейтапты каттады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана гигиена боюнча Ухань шаардык комитети билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты. Жаңы оору менен кайрылгандардын баарына тиешелүү жардамдар берилген. Алардын үчөөнүн абалы оор. Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнгө чейин белгисиз вирус менен 62 окуя катталып, алардын ичинен 19 адам үйүнө чыгарылган. 

Тиешелүү органдар бул маселе боюнча тыгыз иш алып барып, жаңы технологияларды кабыл алуу боюнча кадам жасалып жатканын айтышып, ошол эле учурда лабораторияда вирустун үлгүлөрүн изилдөө иштери журуп жатканын белгилешүүдө. Комитет, ошондой эле, жакынкы аралыкта аталган оору менен ооругандардын саны өсүшү мүмкүн экендигин билдирди. 

Эске салсак, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган.