Жаңылыктар
"Апрель революциясынын" 10 жылдыгына карата сынактар өткөрүлөт
Маданият
"Апрель революциясынын" 10 жылдыгына карата сынактар өткөрүлөт

Поэзия, драма, логотип, видеороликтер жана реквием боюнча сынакты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруп жатат. Сынактын талабы боюнча, катышуучунун эмгеги буга чейин эч жерде жарыяланбаган болушу керек. 

2010-жылдагы Элдик апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыгын көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгилеген өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, "Апрель окуясынын" 10 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү тууралуу Жарлыгына кол койгон. 

Раткан Асанова, "Биринчи радио"