Жаңылыктар
Спорт менен машыгуу рак оорусунун 13 түрүнөн сактайт
Билим
Спорт менен машыгуу рак оорусунун 13 түрүнөн сактайт

«Калашников» автоматынын жаңы үлгүсү иштелип чыкты. Орусиялык Калашников концерни АК-400 аталышындагы автоматтын атайын багыттагы бөлүктөргө, президенттин коопсуздук кызматына федералдык коопсуздук кызматына колдонууга берди. Курал лазер, фонарик жана мээлегич  жайгаштырууга ылайыкталган атайын бөлүкчө кошулган. Буга чейин чыккан  АК-74М жана АК-12ге салыштырмалуу мээлеген жерге түзүрөөк тиет. Жабдык 3 кг болуп, бир басканда 3 ок атып, минутасына 630 жолу ата алат. Анын ок салган магазини тоголок болуп 95 даана окту  батырат. Жакынкы аралыкта жаңы иштелип чыккан ок атуучу куралды сыноодон өткөрүшмөкчү.  

АКШда саатына 1250 чакырым ылдамдыка чейин жүрө алган поезди сыноодон өткөрүштү. Hyperloop деп аталган бул транспорт дүйнө тарыхында бир секундта саатына 100 чакырым ылдамдыкта күүлөнө алган. Аны Tesla Motorsдун негиздөөчүсү Илон Маск демилгелеген. Жүрүү системасы электр тогу менен иштеп, мындан улам аны экологиялык таза деп эсептөөгө болот.

 Поезд анчалык узун эмес капсула формасында кыска. Компания өкүлдөрү жыл аягына чейин бир катар сыноолорду өткөрүп, саатына 1200 чакырым ылдамдыкка жеткирүү аракеттери көрүлмөкчү. Сыноолор ийгиликтүү аяктаса келечекте диаметри 3,3 метр болгон атайын темир түтүктөрдү жер алдына  орнотулат. Анын жардамы менен жүргүнчү жана жүктөрдү ташышат. Бирок кээ бир окумуштуулар мындай ыкманын келечеги жок экендигин айтышууда.   

Спорт менен машыгуу рак оорусунун 13 түрүн алдын алат. Бир катар изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып Британиялык окумуштуулар америкалык кесиптештери  денеге физикалык кыйынчылыктарды берүү менен рактан оолак болууга болорун айтып чыгышты.  Мындай жыйынтыкка 1,5 млн.го  жакын адамдын ден-соолугун анализдегенден кийин келишкен. Анда медициналык көрсөткүчтөр эске алынып, рактын 26 түрүнүн пайда болушунун кесепеттери дагы карашкан. Ар дайым спорт менен машыгууда ашказан рагынан 42 пайызга алыстоого болот. Ал эми өпкө рагы менен ооруп калуу коркунучун  26 пайызга азайтат.  

Андан сырткары адистер сергек жашоо мүнөзүн туу туткан адамдар 10-15 пайызга бул илдетке аз кабыларын белгилешет. Ошол эле маалда онкология ооруларына кабылып калуу тобокелдигинен орточо эсеп менен 7 пайыз сактай алат.  

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»