Жаңылыктар
Москвада Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү
Мекендештер
Москвада Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү

Москва шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов  тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү. Көрармандар бул тасмадан жазуучунун биз көрүп көнүп калган эмес, көрө элек өзгөчөлүгүнө күбө болду. Фильмдин авторлору анын чыгармачылыктан тышкары, кадимки жашоо-турмуш менен алпурушкан адам, ата катары үй-бүлөсү үчүн күйүп-жанган жактарын ачууга аракет кылышкан. Бул тасманын тартууланышы  Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылына карата  болуп жаткан иш чаралардын бири. 

Москва шаарындагы Мамлекеттик чет элдик адабият китепканасынын чоң залында “ Чыңгыз Айтматов – күндөр жана кылымдар” деп аталган документалдуу тасманын бет ачары болду. Иш чара Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына карата өткөрүлдү. Тасмадан дүйнөлүк масштабдагы жазуучуну, үй бүлөсү үчүн, анын бейкуттугу үчүн ар дайым күчүн берген камкор ата, элинин салт-санаасын, каада-мурасын ыйык туткан адам катары көрүүгө болот.

Өлкө башчылары, анын кесиптештери белгилегендей, Айтматовдун чыгармалары келечекке карай багыт алган руханий кубат, кандайдыр бир күчтү алып жүрөт. Анын каармандары ар бирибизге жакын. Жазуучу Евразия өлкөлөрүнүн маданиятын бириктирген руханий көпүрө курууга жетишкен өзгөчөлүгүн да белгилеп кетүү керек.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын расмий ачылышы бир айдан кийин Москва шаарындагы Чоң театрда болот. Бул жылы жалпы эки жүздөн ашык иш чара өткөрүү пландалууда.