Кыргызстан, Казакстан, Кытай чектешкен аймакта жер силкинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-январда Кытайда очогунда 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Кыргызстандын Нарын, Ат-Башы, Алай райондорундагы Нура айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 - 3 баллга жеткен.
Казакстандын маалымдоо каражаттары Сейсмология станциясына таянып, 19-январда кечки саат жетилер чамасында жер титирегенин кабарлады. Силкинүүнүн очогу Алматы шаарынын түштүгүндөгү Кытай менен чектешкен аймакта болгону айтылат. Алматы шаарында силкинүүнүн күчү 3-4 баллга жетти.