Жаңылыктар
Спортчуларга биринчи категориядагы стипендия төлөп берүү үчүн каражат бөлүндү
Спорт
Спортчуларга биринчи категориядагы стипендия төлөп берүү үчүн каражат бөлүндү

2019-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетинен спортчуларга стипендия төлөп берүү үчүн 36 млн 220 миң сом бөлүнгөн. Алардын ичинен спорттун олимпиадалык, параолимпиадалык, сурдолимпиадалык түрлөрү боюнча 30 млн 455 миң сом, олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 млн 525 миң сом, ал эми спорттун улуттук түрлөрү боюнча 1 млн 240 миң сом стипендия берилген. 

Былтыр август айынан декабрга чейин 75 миң сом өлчөмүндөгү 1-категориядагы стипендия сууда сүзүү боюнча Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына биринчи болуп лицензия алган Денис Петрашовго төлөнүп келди. Ал эми октябрь айынан тартып аталган категориядагы стипендия кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага, жөө күлүк Юлия Андреевага жана грек-рим балбаны Атабек Азисбековго төлөнгөн. Белгилей кетсек, булар олимпиада оюндарына жолдомого ээ болгон спортчулар.