Жаңылыктар
Өмүрүн багбанчылыкка арнаган Раиса Төлөгөнованын эмгеги баркталды
Аймак
Өмүрүн багбанчылыкка арнаган Раиса Төлөгөнованын эмгеги баркталды

Өмүрүн багбанчылыкка арнаган Жети-Өгүз районунун тургуну Раиса Төлөгөнова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал өстүргөн мөмө-жемиштер бир гана Кыргызстанда эмес, экологялык жактан таза жана сапаттуу продукция катары чет жакка дагы сатылып келет.

Раиса Төлөгөнова Ысык-Көл облусунда алма, өрүк жакшы бышкан Барскоон айылынын тургуну. Азыр "Барскоон мөмө-жемиш багы" коомдук бирикмесинин былтыр күздө алган түшүмүн чет жакка жөнөтүүдө. Түшүм жакшы болгон. Быйыл анын отуз тоннага жакыны жакшы баа менен чет жакка кетет. Үй-бүлө мүчөлөрү даярдоого жетишпегендиктен айылдан кошумча күч тартылган.

Азыр көпчүлүк багбандар эс алып жатат деген ойдо. Бирок кышында деле багбанда түйшүк көп дейт Раиса Төлөгөнова. Анын айтымында азыр мөмө-жемиш бактары уктап жатат. Бул убакта учтарын кыркып, мөмө байлоосуна кам көрө бериш керек. Бул багытта багбан айымдын айыл чарба адистигине ээ болуп жаткан уулдары чоң күч берет. Ал эми жаз келгенде мөмө бактарынын өсүүсүнө жеңил болот. Чарба учурда башка мамлекеттерден келген көчөттөрдү өстүрүп чакан сыноо иштерин жүргүзүшүүдө. Жакшы натыйжа берсе элге жайылтуу иштери жүрө баштайт.

Жыл сайын "Барскоон мөмө-жемиш багы" коомдук бирикмесинин аракети артып, багбанчылык сырлары элге кеңири тарап жатат. Бул албетте байкалбай калбайт. Мындай аракеттер мамлекет тарабынан бааланып коомдук бирикменин жетекчиси Раиса Төлөгөнова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланууда. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Ысык-Көл облусу боюнча эки инсан жана бир коомдук бирикме сыйланды.