Жаңылыктар
Мамлекеттик сыйлыкка татыктуулар
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик сыйлыкка татыктуулар

Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктерине ылайык, бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушту. Мамлекеттик сыйлыктарды бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын ар бири ардактуу кесиптин ээлери. Мугалим, дарыгер, куруучу, маданият ишмерлери, илим-билимге, айыл чарбасына, мамлекеттик кызматка эмгеги сиңген, ошондой эле жеке ишинде ийгиликке жеткендер. 

Үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен Бишкек шаарындагы “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмесинин президенти Роза Айтматова сыйланды. Дээрлик чейрек кылым мурда түптөлгөн уюм аялдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү жаатында опол тоодой эмгек жасады. 

Улутубуздун сыймыгы Чыңгыз Төрөкуловичтин бир тууганы, атанын татыктуу кызы Роза Айтматова өз эмгеги менен мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келатканын өлкө башчысы өзгөчө белгиледи. 

Үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандардын дагы бири кыргыз эл артисти, театр жана кино актеру, драматург жана режиссер Табылды Актанов. Ал маданият тармагында дээрлик 52 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Фильмде берилген ойду көрарманга жеткире билүү, анын маани маңызын ачып берүү чоң чеберчиликти жана талыкпаган аракетти талап кылат. Табылды Актанов ар бир кылган эмгеги убагында бааланып, ак эмгектин үзүрүн көрүп жатканын айтат. 

Ошондой эле президент К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы Өскөн Осмонов, коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери Абдиваит Тажибаевдин эмгегин жогору баалады. Алар дагы Үчүнчү даражадагы “Манас” орденине ээ болушту. 

“Даңк” ордени менен тележурналист, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программалар дирекциясынын координациялык борборунун директор-менеджери Байма Сутенова сыйланды. Байма Сутенова өз кесибинин мыктысы экенин президент баса белгилеп айтты. 

Дагы бир катар кесиптин ээлери “Даңк” медалы менен сыйланышты. Алардын арасында коомдук ишмерлер, тарыхчы, жазуучу жана сүрөтчүлөр бар. Александр Фёдоров көп жылдар “Кыргызфильм” киностудиясында эмгектенип, кинодогу “кыргыз кереметинин” жаралышына катышкандардын бири. 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы мугалим Апал Базаровага ыйгарылды. Апал Базарова алыскы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында мектеп директору болуп эмгектенет. Химия предмети боюнча сабак берет. Мугалимдик кесипти аркалап келатканына 40 жылдын жүзү болду. 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы дагы ыйгарылды. Ага татыгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу жана публицист Каныбек Иманалиев. 

Президент Сооронбай Жээнбеков сыйлык ээлерин куттуктап, бул көп жылдык үзүрлүү эмгектин акыбети экенин белгиледи. Ар бир ардактуу кесиптин ээлери элге, мекенге болгон ак ниет кызматы менен жалпы журттун урматына татып отурат. 

Президент өлкө тандап алган багытынан тайбай, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, жемкорлукка каршы күрөш, экономиканы көтөрүү мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыт болуп кала берерин белгилейт. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, эмгек сиңирген дарыгер, эмгек сиңирген экономист, юрист, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына, транспортуна, байланыш тармагына, дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер наамдары да ыйгарылды. Бир катар кесип ээлерине жана өндүрүш ишканаларына президенттин ардак грамотасы тапшырылды. 

Соңунда президент Сооронбай Жээнбеков сыйлык ээлерин дагы бир жолу куттуктап, эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз бар болгону үчүн өлкөбүз өнүгүп өсөт деп баса белгиледи. Мамлекеттик сыйлыктарга жана ардактуу наамдарга жалпы 140тан ашык адам татыктуу болушту. Ак эмгектин үзүрү эртеби-кечпи кайтып, эми мындан аркы аракет дагы өлкөнүн өнүгүшү, келечектүү жаш муунду тарбиялап өстүрүүгө жумшалса деген каалоо тилектер айтылды.