Жаңылыктар
Бир катар мекендештерибиз мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бир катар мекендештерибиз мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

"Эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгүп, өсүүдө". Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде билдирди. Мамлекеттик жогорку сыйлыктарга арзыгандардын ар биринин ийгиликтери тууралуу да сөз кылды.

Өткөн жылдын соңу жагымдуу жаңылык менен жыйынтыкталды. Чокусун ак кар чалган ала тоонун элесин берген ак калпагыбыз ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталды. Кыргыздын улуттук баш кийимин жасоо өнөрү жана аны кийүү маданияты абройлуу делген эл аралык уюмдун тизмесине алынып, бүтүндөй адамзаттын мурасына айланып жатканы ак калпакчан элдин, улуттун зоболосун дагы бир ирет бийиктетти. 

Жамы журттун улуттук ар намысын ойготуп, ак калпак кийген ар бир атуулду сыймыктандырган чечимдин кабыл алынышына назик айымдарыбыз үч жылдык опол тоодой эмгек жумшады. Бүгүн алардын талыкпаган эмгеги
бааланып, кыргыздын ак калпагы менен кошо башка да улуттук баалуулуктарын чет элге таанытууда үзүрлүү эмгек жумшаган "Кийиз дүйнө" коомдук фондун жетектеген Айдай Асангулова, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева Президенттин колунан Ардак грамотага татыды.