Жаңырган жылдан тартып курулуш тармагы үчүн маанилүү болгон эки документ кабыл алынып, өкмөттүн колдоосуна татыды. Алар: 30-жылга чейинки Стратегия жана "Уруксат берүүчү документтердин тартиби" боюнча 252чи Токтомдун жаңы редакциясы. Бул документтер ишти жөнөкөйлөтүү жана тармактагы коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуну шарттайт.
13-январдан тартып курулуш жүргүзөм дегендер комплекстүү экспертизанын корутундусун алуу үчүн топтой турган толгон кагаздардан арылды. Мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан курулуш объектилер долбоордук-сметалык документтерди экспертизадан электрондук форматта портал аркылуу өткөрө алат. Бул өтө жөнөкөй ыкма. Кардар электрондук санарип кол тамга алат, порталга катталат анан жеке кабинетине кирет. Бул жерде долбоордук-сметалык документтер жеткиликтүү болот. Мындай өзгөрүүлөр 252-Токтомдо камтылган. Анда ашыкча макулдашуулар, долборлоо жана курулуш объектиси үчүн алуучу документтер жөнөкөйлөштү жана кыскарды.
2030-жылга чейин кабыл алынган курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы өлкөнүн инфраструктуралык жактан өнүгүүсүнө олуттуу таасир эте алчу, жакынкы он жылда шаар, кыштактардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган бирден-бир маанилүү документ. Бул документ өлкө эгемендүүлүккө жеткенден бери кабыл алынбай келген.