Жаңылыктар
Баткен районунда балдар катышкан жол кырсыктары жыл сайын өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунда балдар катышкан жол кырсыктары жыл сайын өсүүдө

Буга биринчи кезекте айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгы себеп болсо, экинчиден окуучулардын баары эле жолдо жүрүү тартибин биле беришпейт. Ошол эле учурда жол белгилери да бардык эле тилкеде талапка жооп берет деп айтууга болбойт. Айрыкча кыш мезгилиндеги тайгак жол мындай кырсыктарга өбөлгө болууда. Мындан улам райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ата-энерлерге жана мугалимдерге кырсыктардын алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды уюштурууда.

“Кыш жана балдар” аталышындагы иш-чарада окуучуларга жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү керек экендигин жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо кызматкерлери мугалимдерге жана ата-энелерге эскертишти. Бул балдардын жол кырсыктарынан оолак болуусуна жана болтурбоого көрүлүп жаткан аракет.

Өткөн жылы Баткен районунун аймагында өспүрүмдөр катышкан 13 жол кырсыгы катталган. Анын айынан 18 бала денесинен ар кандай жаракат алышкан. Ал эми мугалимдер башталгыч класстардын окуучуларынан тартып эле жолдо жүрүү эрежелерин толугу менен үйрөтүп, ата-энелерге да эскертип турушаарын айтышат. 

Жергиликтүүлөрдүн пикиринде, аймакта жол белгилеринин талаптагыдай орнотулбагандыгы да кырсыктарга себеп. Балдардын жол кырсыгы учурунда унаанын ичинде, жүргүнчү катары да катышып калган фактылар жок эмес.