Жаңылыктар
Өзгөчө балдарга жардам
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө балдарга жардам


Аутизмге чалдыккан балдар менен иштөө үчүн Кыргызстанга жаңы усулдар менен китептер келди. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Психология" кафедрасына келген колдонмолор учурда калаадагы инклюзивдүү жайлардын бирине берилип, текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Акылы жагынан курдаштарынан алдыга кеткен Адам 7 жашта. Ал китептерди көп окугандыктан өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана курт-кумурскалардын таржымалын мыкты билет. Өзгөчө аны майда жандыктардын тарыхы, алардын азыктанышы абдан кызыктырат. Ал окуган инклюзивдүү мектептин мугалимдери эми жаңы усул-ыкмалар менен сабак өтүп, аракетчил Адамдын кызыгуусун арттырууда. 

Бир жыл мурда ачылган инклюзивдүү окуу жайда Адам сыяктуу борбордук нерв системасы өзгөчө иштеген жөндөмдүү балдар көп. Аларды өзгөчө ыкмалар менен окутуп, билимин тереңдетүү үчүн мектеп И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Психология” кафедрасы менен тыгыз иштешет.

Аутизм менен жабыркаган балдардын аң-сезимин курчутуп, кызыгуусун арттырган мындай усулдар Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстанга биринчи келген. 

Ар бир бала билим алууга, бактылуу болууга укуктуу, - деген окуу жайдын окутуучулары, келечек муунга тиешелүү колдоо көрсөтүү, ата-энелердин, педагогдордун жана коомчулуктун башкы милдети экенин айтышат.