Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери айып пулга жыгылды
Кылмыш
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери айып пулга жыгылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердеги коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы статс-секретары Данияр Бакчиев, төрага орун басары Руслан Сарыбаев жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге карата өкүм чыгарды. 

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. "Тергөө органдары тарабынан аталган кызматкерлер "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Натыйжада, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен айып пулга жыгылды. Руслан Сарыбаев жана Талант Абдуллаев ар бири 270 миң сомдон, Данияр Бакчиев 230 миң сом төлөп бермей болду.