Жаңылыктар
УКМК: Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды
Коррупция
УКМК: Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. "Такталгандай, Ала-Бука ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү участкалык инспектору менен сүйлөшүп алып, жарандан, денеге жаракат келтирүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан", - деп билдиришти УКМКдан. 

Жабырлануучу тараптын кайрылуусунун негизинде бул факты боюнча сотко чейинки иш башталып, "Пара талап кылуу" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Учурда эки кызматкер Жалал-Абад шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.