Жаңылыктар
Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси кармалды
Кылмыш
Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси кармалды

Адилет министрлигине караштуу Талас шаардык жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүү системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

"Кармалган адам өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробациялык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган", - деп айтылат маалыматта. Ал талап кылган паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.