Жаңылыктар
Казакстандын жашоочусу муздак сууда 40 мүнөт туруп рекорд жаратты
Дүйнө
Казакстандын жашоочусу муздак сууда 40 мүнөт туруп рекорд жаратты

Россиянын Пермь шаарындагы мейманканада ысык суу түтүгү  жарылып, 5 адам каза болду.

Казакстандын жашоочусу муздак сууда 40 мүнөт туруп рекорд жаратты.

Улуу Британиядагы компаниялардын бири кол алдындагы жумушчуларын чылым чегүүдөн  арылтуу үчүн өзгөчө ыкма колдонушат.


20-январга караган түнү Россиянын Пермь шаарындагы мейманканада ысык суунун түтүгү жарылып кеткен. Жергиликтүү маалымат булактары бул кырсыктан 5 адам каза болгонун жазды. Ага ылайык, көз жумгандардын бири кичинекей бала.Дагы 3 адам андагы ысык сууга күйүп ооруканага жеткирилген. Мейманкана көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан.

Күбөлөр кырсык тууралуу буларга токтолушкан: "Таңкы саат төрттөр чамасында  мейманканадан буу чыгып жатты. Менин жубайым келип караса кадимки кайнак суу  анын босогосуна чейин жетип калыптыр. Биз ага жакын жайгашкан үйдө 6 жылдан  бери жашайбыз. Көчүп келгенибизде эле ушул мейманкана бар болчу, билишимче анда  жакында оңдоо иштерин жүргүзүшкөн".

Ал эми Пермдин губернатору бул чакан мейманканын эвакуациялык чыгуу эшиги жок экендигин айтып, бул абал адамдардын өлүмүнө алып келгендигин белгилеген. Айрым маалыматтар боюнча, мейманкана жайгашкан үйдөгү жылуу суунун түтүгү 58 жыл мурун орнотулган. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.


Дүйнө жүзүндөгү эң бай адам Джефф Безос рейтингте 2-сапка түшүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызды. Анын ордун Louis Vuitton жана Dior компаниясынын ээси Бернар Арно ээледи.Анын байлыгы 1,9 миллиардга жогорулады. Ал эми үчүнчү орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс турат. Анын байлыгы 110,6 миллиард долларга бааланууда.Гейтс 35 миллиард долларын кайрымдуулукка жумшабаганда Арно менен Безостон да бай болмок.


Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын жашоочусу муздак сууда 40 мүнөт туруп рекорд жаратты. 40 жаштагы киши 12 жылдан бери кышкысын кыска жеңдүү кийим жана жука шым менен жүрөт.Ал түшкөн Есиль дарыясынын температурасы -2 градус. Мындан тышкары,суунун агымы адам өмүрүнө кооптуу. Белгилей кетсек, Муздак сууга түшүү боюнча дүйнөлүк рекордду россиялык Дмитрий Балабанов 2012-жылы 24-мартта койгон. Ал муздак сууда эки саат кармалган.


Улуу Британиядагы компаниялардын бири кол алдындагы жумушчуларын чылым чегүүсүн таштоо үчүн өзгөчө ыкма колдоно башташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Ишкана жетекчиси кызматкерлерин жаман адаттан арылтуу үчүн кошумча эс алуу күндөрүн кошуп берет. Ошондой эле эс алуу өргүүсүнө дагы 4 күн кошуп берет. Жетекчинин белгилешинче, анын кол алдында иштеген жумушчулар тамеки тартууга  бир күндө он мүнөттөн үч жолу тыным алышат. Бул бир жылда 16 күнгө барабар. Муну менен компания жетекчилиги убакытты үнөмдөп, жумушчулардын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн арттырып жана чылым чегүүдөн арылтабыз дейт.


Польшалык пенсионер жүрөгү кармап, 12 чочкого  жем болду. Бул тууралуу "Зе Сан" басылмасы жазды. 71 жаштагы кишинин сөөгүн кошунасы үйүн текшерүү маалында таап алган. Анткени, киши жаңы жылдан бери дайыны жок болуп кеткен. Кошунасы аны акыркы жолу 31-декабрь күнү сөөгү табылган кудуктун жанын көргөн деп билдирген прокуратуранын басма сөз кызматы. Прокуратура билдиргендей, 71 жаштагы кишини ачкачылыктын айынан аймакты аралап чурканган чочоколор жеген.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"