Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 чакырымы сүйлөшүүнүн негизинде чечилет
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 чакырымы сүйлөшүүнүн негизинде чечилет

Чек ара жаңжал менен эмес, сүйлөшүүлөрдүн, эки тараптуу келишимдин негизинде гана чечилет. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Алабука районунун Көк-Таш айыл аймагынын эли менен жолугушкан учурда айтты. Жолугушууга чек ара кызматынын, облустук ички иштер башкармалыгын жетекчилери катышып, көйгөйлүү маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр жана түшүндүрүү иштери болду. Белгилей кетсек, Көк-Таш айыл аймагында такталбаган чер ара тилкеси бар. Январь айынын башында өзбек чек арачылары менен жергиликтүү элдин ортосунда пикир келишпестиктер болгон. 

Өзбекстандын чек арачылары Ак-Курча тилкесинде жайылып жүргөн, айылдын тургундарына таандык 500дөй койду тактала элек тилкеден айдап алып кетишкен. Кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде мал-жандыктар кайтарылган. Бүгүнкү күндө элдин коопсуздугу үчүн чек арачыларга кошумча күч түзүмдөрү тартылып, аймак күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынган. Ал эми Жалал-Абад обулусу боюнча узундугу 725 чакырым мамлекеттик чек ара тилкеси бар. Бүгүнкү күндө анын 85 чакырымы тактала элек.

Биздин аймакта чек ара толук чечилип калса, жогорудагыдай ызы-чуу болбой, элибиз тынч жашап калат элек. Такталбаган аймакка өтпөгүлө деген талапты биз аткарабыз. Ошентсе да, өзбек тараптын солдаттары кирип келип, биздин малды айдап кетип калган учурлар орун алууда. Ошондон улам ызы-чуу чыгат”,- деди Көк-Таш айыл аймагынын тургуну Өскөн Абдуллаева.  

“Биз эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Негизи тактала элек чек ара тилкесине эки тараптын тең кирүүгө укугу жок. Азыркы күндө эки мамлекет ортосунда атайын жумушчуу топ иштеп жатат. Буйруса чечилет. Биздин да, элдин да тилеги ошол. Ага чейин эч кандай мыйзамсыз ишке барбай турушубуз керек экенин, жергиликтүү элге айттык. Чек ара оңой эле чечилип кала турган иш эмес экенин айтып атабыз”,- деп билдирди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.