Жаңылыктар
Бишкектин бюджети 10 миллиард сомдон ашты
Экономика
Бишкектин бюджети 10 миллиард сомдон ашты

Бишкектин бюджети бекиди. Ал биринчи жолу 10 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын экономикалык жана каржылык саясат боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаев маалымдады. Анын айтымында, борбордун бюджетинин басымдуу бөлүгү социалдык багыттарга жумшалат. Ал эми бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан түшкөн каражат түзөт. 

Биринчи жолу 10 миллиард сомдон ашык бөлүндү делген менен бул каражат дагы шаар үчүн тартыш. Андыктан калаа өнүгүү жолунда болуп жаткандыктан, 2021-жылы борбордун бюджетин 12 миллиардга жеткирүү пландалып жатканы белгилүү болду.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"