Жаңылыктар
Бирдиктүү камсыздандыруу базасын түзүү иши мерчемделди
Кыргызстан жаңылыктары
Бирдиктүү камсыздандыруу базасын түзүү иши мерчемделди

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бирдиктүү камсыздандыруу базасын түзүүнү пландап жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңеште тармактык мыйзамдар каралып жатканда белгилүү болду.

Эл өкүлдөрү камсыздандыруунун маалыматтары мамлекеттик органдардын базасына туташтырлып, кокус кырсык катталса жарандарга жеңил боло тургандай система түзүлүшү керек экенин талап этүүдө.

Эсперттер камсыздандыруу чөйрөсүндөгү талаш тартыштуу маселени чечүү үчүн финансылык ортомчу институттарын  түзүү зарылдыгы чыгып жатканын белгилешүүдө.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"