Жаңылыктар
Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык конференциясы өттү
Дүйнө
Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык конференциясы өттү

Берлин шаарында Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык тынчтык конференциясы өттү. Сүйлөшүүгө Россия, Германия, Франция лидерлери менен БУУнун баш катчысынан тышкары Улуу Британия, Египет, Түркия жетекчилери, Еврокомиссиянын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада Ливиядагы гуманитардык маселелердин чечилишин шарттаган документ кабыл алынды. 

Мындан тышкары, элдешүүнү камсыздай турган аскер комитетин түзүү чечими кабыл алынган. Берлин конференциясы Россия менен Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн Москвадагы сүйлөшүүдөн кийин болду. Эске салсак, 2011-жылы НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Натыйжада Муамар Каддафи өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан тартип кулаган.