Жаңылыктар
Өзбекстан: Жеке турак жайдан чыккан өрттөн 11 жаран каза болду
Дүйнө
Өзбекстан: Жеке турак жайдан чыккан өрттөн 11 жаран каза болду


Россиянын Томск облусундагы жеке турак жайдан чыккан өрттөн Өзбекстандын 11 жараны каза тапты. Бул тууралуу РИА новости маалымат булагы билдирди. 

"Алдын ала берилген маалыматтарда жыгачтан салынган бир кабаттуу үйдө "Гринвуд" ишканасынын тактай даярдаган 12 жумушчусу баш калкалап, жашап турганы белгилүү болду. Алар Өзбекстандын жарандары болгон", — деп жазылган билдирүүдө. 

Буга чейин Томск облусундагы Асинов районунда тогуз кишинин бир кабаттуу имаратта каза тапканы туурасында кабар тараган. Өрттөн имараттын чатыры урап түшкөн, кырсык 208 чарчы метр жерди камтыган. Аны өчүрүүгө 39 киши тартылып, атайын 14 техника колдонулганы маалым болду.