Жаңылыктар
Өлкөдө ички дүң өнүм 4,5 пайызга өстү
Экономика
Өлкөдө ички дүң өнүм 4,5 пайызга өстү

2019-жылы ички дүң продукция 4,5 пайызга өстү. Анын өсүшү бардык секторлор тарабынан камсыз кылынды. Курулушта 10,6 пайызга, айыл чарбасында 2,6 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,9 пайызга, өнөр жайда 6,9 пайызга өскөн. Ички дүң өнүмдүн номиналдык көлөмү 590 млрд сомду түздү. Ошондой эле, 2019-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы сооданын көлөмү 6,2 млрд долларды түздү. Импорт 6,6 пайызга азайды.