Жаңылыктар
Салык кызматы 35 млрд сомдон көп камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону пландоодо
Экономика
Салык кызматы 35 млрд сомдон көп камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону пландоодо

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы 32 жарым млрд сомго чукул камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 1 жарым млрд сомдон ашуун каражатка көп. Салык кызматы быйыл 35 млрд сомдон көп камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону пландап жатат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 15-январынан тартып Салык кызматы Социалдык фонддун ордуна камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштаган.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Себеби, бул чара юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.