Жаңылыктар
Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди
Аймак
Ноокат районунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Бүгүн, 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун катышуусу менен Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылындагы Кыр-Кол сайында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн ачылышы болду.  Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Н. Мирзахмедов жергиликтүү тургундарды жаңы көпүрөнүн ачылышы менен жылуу куттуктап, курулуштун тарыхына токтоло кетти.

«2019-жылы жергиликтүү жаран тарабынан Ноокат районундагы Кыр-Кол сайына жаңы көпүрө куруп берсеңиз, жаш балдарыбыз коопсуз жол каттамына ээ болмок деп кайрылды эле. Абалды жеринде көргөндөн соң, чындыгында бул жерге тез арада жаңы көпүрө куруу муктаждыгы бар экени көрүнүп турду. Мына бүгүн элдин колдонуусу үчүн ушул көпүрөнү тапшырып жатабыз», - деди министр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган көпүрө 3 млн 155 миң сомго курулуп, узундугу 72 метр, туурасы 1,5 метр түзөт. Бул көпүрөнү 200дөн ашуун кожолук, айыл окуучулары коңшу айылдагы мектепке баруу үчүн колдонушат. Курулуш иштери 2019-жылдын ноябрь айында башталып, 2020-жылдын январь айында бүткөрүлдү.