Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги абал өкмөттүн көзөмөлүндө
Чек ара
Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги абал өкмөттүн көзөмөлүндө

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги абал менен таанышты жана жүк ташуучулар менен жолугушту. Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, өкмөт абалды көзөмөлдөп жатат. Жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда.