Жаңылыктар
Улуттук банк жыл жыйынтыгын чыгарды
Экономика
Улуттук банк жыл жыйынтыгын чыгарды

Өткөн жылда өлкөдө баа туруктуулугу камсыздалды. Жыл ичинде баалар орточо алганда 1,1 пайызга, инфляция жылдык 3,1 пайызга чейин өстү. Валюта рыногунда туруктуу жагдай сакталды. Алтын валюта резервинин өсүшү катталды. Экономиканын долларлашуусу төмөндөдү.

Улуттук банк узаган жылда баа туруктуулугун камсыз кылуу максаттарына жетишти. Жалпысынан жыл жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасы өнүгүү жаатында оң натыйжаларды көрсөткөн, аны өткөн жыл үчүн алдын ала берилген макроэкономикалык көрсөткүчтөр да тастыктап турат. Өткөн жылда Кыргызстандын алтын валюта резерви 2 жарым млрд долларды түзүп, алтын валюта кору 268 млн долларга көбөйдү.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында банк тармагы да автоматташтырылган электрондук кызмат көрсөтүүнү жайылтууну колго алды. Заманбап тенденцияны утурлай элекрондук капчык, банк карталары, интернет банкинг кызматтары киргизилди. Учурда 90 миңге жакын жаран Элкарт улуттук картанын элекрондук тиркемесин колдонот.

Аймактарды өнүктүрүү максатында өткөн жылда улуттук банк каржы мекемелерине кошумча каражылоо жүргүздү. Банктар аркылуу берилген насыялардын эсебинен региондордо орто жана чакан ишканалар ачылды, бизнес долбоорлор ишке ашырылды.

Өткөн аптада эле Улуттук банк Борбор Азияда эң алдыңкы деп эсептелген, заманбап жана жогорку сапаттагы маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизди. Дата Улуттук банктын негизги милдеттерин - төлөмдөр жана соода тутумдарынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» борбору менен маалымат алмашууну жана банктын ички операциялык ишмердигин камсыз кылат. Аталган дата борбордун ачылышы өлкөнү санариптештирүүдөгү негизги кадам катары бааланды. Улуттук банктын алдында 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу жана бул жылга карата белгиленген мамлекеттик саясатты ишке ашыруу милдети турат.