Жаңылыктар
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында санитардык көзөмөл күчөтүлдү
Ден соолук
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Мындай чара коңшу өлкөдө коронавирустун жаңы түрүнүн пайда болушуна байланыштуу көрүлүүдө. Кытай бийлиги аталган вирустун жугуштуу экенин жарыялады. Учурда ага чалдыккандар эки жүздөн ашып, төрт киши өлгөнү кабарланды.

Кытайдын борбордук бөлүгүндө аныкталган вируска эми Пекин менен Шанхайда да чалдыккандар бар экени кабарланды. Ошондой эле Жапония, Түштүк Корея жана Таиландда да бирден учур катталды. Кытай бийлиги коронавирустун жаңы түрү адамдан адамга өтөөрүн тастыктап, аны жуктургандар эки жүздөн ашканы кабарланды. Өпкө оорусун козгогон илдеттен төрт адам өлдү. Коңшу Кытайдагы бул абалдан улам Кыргызстан чек арада көзөмөл жүргүзүүдө.

Чек арадагы текшерүүдө вирусту алып жүргөндөр аныкталган жок. Бирок миграциялык агымдан кооптонгон адистер, Кытайга барып келген жарандарды текшерилүүгө чакырышат.

Буга чейин коронавирустун кыркка жакын түрү аныкталган. Анын Кытайда пайда болгон жаңы түрү адамга деңиз азыктарынан өткөн деп болжолдонуп жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустан коргонууну күчөтүү зарылчылыгын айтып коңгуроо кылууда. Уюм аталган маселени 22-январда өтө турган чукул жыйынында талкуулайт.