Жаңылыктар
Алдамчынын торуна илинген мигранттар
Кылмыш
Алдамчынын торуна илинген мигранттар

Түштүк Кореяда эмгектенип жүргөн мигранттар алдамчы мекендешинин торуна түшүп калганын айтып, маалымат жыйын өткөрүштү. Айтымында Венера Мамбетова аттуу аял алардын иштеп тапкан акчасын Кыргызстанга которуп берүүнү убадалап, бирок ушул убакка чейин мекенине которуп да, өздөрүнө кайтарып да берген эмес. 

Мамбетовага алданып калган мигранттардын бири Арзымат Орозматов 2 миң 600 долларын ала албай жүргөнүн билдирди. Орозматов акчасын Кореяда ачкан кеңсеси аркылуу Кыргызстанга жөнөтүп берүү үчүн Венера Мамбетовага бергенин айтат.