Жаңылыктар
2014-жылы Саймаити которгон акчага ИИМден жооп болгон эмес
Кылмыш
2014-жылы Саймаити которгон акчага ИИМден жооп болгон эмес

Жогорку Кеңеште кытай ишкери Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Анда тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери маалымат беришти. Финансылык чалгындоо кызматынын билдиришинче, алар чалгындоонун негизинде 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Айэркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасы которгон 700 млн доллар боюнча материалдарды жиберишкен. Бирок ИИМден жооп келген эмес, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ошол кезде кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болду. Маселе эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууга алынып, жыйын 2 саатка созулду. 

Түркияда киши колдуу болгон ишкер Саймаитинин өлүмү жана Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия 21-январда кезектеги жыйынга чогулду. Ага тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери: Улуттук банктын төрагасы, улуттук банктын системалуу тобокелдиктерге талдап иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, өкмөткө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы чакырылып, ар бири жеке суралып маалымат берди. Алгач эле финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев жүргүзүлгөн иликтөөлөргө токтолуп, анын натыйжасында ишкер Айэркен Саймаити 2 миллиард 608 миллион 508 миң сом, "Абдыраз" ЖЧКсы 3 миллирад 810 миллион 905 миң сом кошумча нарк салыгын төлөбөгөнү аныкталганын билдирди.

Эске салсак, 2019-жылдын ноябрь айында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калгандыгы айтылат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"