Жаңылыктар
Айыл чарба техникаларынын канча пайызы оңдоодон өткөнү белгилүү болду
Айыл чарба
Айыл чарба техникаларынын канча пайызы оңдоодон өткөнү белгилүү болду

Айыл чарба техникаларынын 60 пайызы ремонттон өттү. Жаз камын кышында көргөн дыйкан-фермерлер ремонт ишин эрте аяктоо аракетин көрүшүүдө. Кыргыз Өкмөтү негизги приоритеттүү багыттарынын бири катары айыл чарба техникаларынын потенциялын жогорулатууга нук алган.

Дыйкандарүчүн техниканы лизингге берүү маселеси акыркы жылдары колго алынууда. Анын алкагында жети жыл аралыгында эки миң 700гө жакын айыл чарба техникалары элеттик дыйкандарга берилди. Акыркы учурда техниканы лизингке берүүнү шарттары да кыйла жеңилдегенин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин механизация департаментинен билдиришти.  

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"