Жаңылыктар
Амстердам бийлиги жаштардын карызын төлөп бермей болду
Дүйнө
Амстердам бийлиги жаштардын карызын төлөп бермей болду

Кытай желим баштыктарды колдонуудан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ири өрт каптаган Австралияда бороон болуп, мөндүр жаады.

Амстердам бийлиги жаштардын карызын жаап берет.


Кытай желим баштыктарды колдонуудан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, 2020-жылдан тарта өлкө аймагындагы ири шаарларда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Ал эми 2025-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарында желим баштыктар, ошондой эле желим буюмдардын башка түрлөрү да колдонуудан чыгат. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазууда.Маалыматта берилгендей, пластикалык баштыктарды жана башка желим буюмдарды өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салуу алгач Кытайдын ири шаарларында ишке ашат. Ал эми 2022-жылдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында тыюу салынмакчы.Кытай өкмөтү бул долбоор кытай элинин саламаттыгы жана келечеги үчүн өтө маанилүү экенин белгилешкен."Science" журналы 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, дүйнөлүк океандагы желим буюмдардын таштандысынын дээрлик 28 пайызы Кытайга таандык экени аныкталган. Жыл сайын океанга 8 миллион тонна желим буюм-тайымдардын таштандысы агып келет.


Австралиядагы туруксуз аба ырайы дагы дүйнөнүн көңүл чордонунда. Акыркы эки күн ичинде алгач кумдуу катуу бороон жүрүп, андан соң гольфтун тобундай болгон мөндүр жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.Маалыматка ылайык, 2 күн аралыгында куткаруу кызматына 1000ден ашык жаран жардам сурап кайрылган. 2 киши алган жаракатынан улам дарыгерлердин жардамына муктаж болгон. Биринчи күнү шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жетип, катуу бороондон кум бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Ал эми 20-январь күнү Түштүк Уэльс жана Австралиянын шаардык аймагында катуу мөндүр жааган. Көлөмү гольфтун тобундай болгон мөндүр имараттарга жана автомашиналарга зыян келтирип, бак-дарактарды талкалаган.Эске салсак, жарым жылдан ашуун Австралиянын токойлорун өрт каптап, жалпысынан миллиарддан ашык жандык күйүп кеткен. Өткөн аптада ал аймакта жаан жаап, жергиликтүү тургундар кубанган видеолору интернет айдыңына тараган.


Амстердам бийлиги жаштардын карызын жаап берет. Бул үчүн ар бирине 750 евродон ыйгарылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. Маалыматка ылайык, долбоор февралда башталат. Бардык катышуучуларга жеке карыздардан кутулуп, окууга өтүү үчүн план даярдоого жардам берген адам бекитилет. Европа калкынын карыздары көп болуп кеткендиктен, жаштар окубай, андан кийин иштебей калууда. Кошумчалай кетсек, жакында эле Монголиянын президенти пенсионерлердин бардык насыяларын жаап берүүгө убада берген.


Германияда балдар жана иттер үчүн атайын мектеп ачылды. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Анда айтылгандай, бул жерде адистер аларды бирин бири түшүнүүгө, бир команда болууга үйрөтүшөт. Сабакка чоңдор дагы, балдар дагы үй жаныбарлары менен келе алат.Иттер күтүүгө, бир нерсеге көңүл бөлүүгө, чыдамкайлыкка үйрөтүлөт. Курстардын акырында балдарга ит менен байланышууга укугу бар деген сертификат тапшырылат.                                                       

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”