Жаңылыктар
Өлкөгө келген түз инвестиция өстү
Экономика
Өлкөгө келген түз инвестиция өстү

Өлкөгө келген түз инвестиция башка жылдарга салыштырмалуу 3 эсеге өстү. Бул тууралуу инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агентигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди. 

Маалыматка ылайык, инвестициялар негизинен тоо-кен казуу, өндүрүш, транспорт, турак жай жана маалыматтык байланыш тармагына тартылган. Серепчилердин айтымында, Кыргызстан мынданда көп инвестицияны тарта алат. Ал үчүн ички жана тышкы инвесторлорго карата жалпы коомдун түшүнүгүн өзгөртүү зарыл.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"