Кыргызстан күйүүчү майды импорттогон өлкөлөрдүн арасынан анын баасынын төмөндүгү боюнча алдыңкы орунда турат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдагандай, бензиндин баасы боюнча Кыргызстан 181 өлкөнүн арасынан 23-орунда турат. Акыркы үч жылдан бери күйүүчү майдын туруктуу баада кармалыптурушу, анын Россиянын Газпромнефть компаниясынан Кыргызстанга түз ташылып келишинде экенин адистер белгилешет.
Бензинге болгон туруктуу баа жакынкы жылдары да сакталат.
Раткан Асанова, "Биринчи радио"