Жаңылыктар
Кыргызстанга жасалма акча ташып келген киши кармалды
Кылмыш
Кыргызстанга жасалма акча ташып келген киши кармалды

Түркиядан Кыргызстанга 30 миң евро жасалма акча ташып келген киши кармалды. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы чет жактан жасалма акча ташып келип саткандарга каршы атайын операция уюштурган. 

Анын натыйжасында мындай иш менен шугулданган топтун бир мүчөсү жасалма 30 миң еврону сатып жаткан жеринен кармалган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.